Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Садыр Жапаровду Евробиримдиктин төрагасы куттуктады


Садыр Жапаровдун инаугурациясы.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы.

28-январда өткөн президент Садыр Жапаровдун Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониядагы ант берүү аземинде Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишелдин куттуктоосун окуп берди.

Куттуктоодо Мишел жаңы бийлик менен адам укуктары, басма сөз эркиндиги, демократиялык баалуулуктар багытындагы жана экономикалык кызматташтык улана берерин белгилеген.

«Кыргызстан менен мамилени чыңдап, силердин өлкөнү эл аралык аренадагы ишенимдүү өнөктөш катары кабылдайбыз. Европа Биримдиги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү жаатында сизди зарыл болгон реформаларды ишке ашыруучу катары көрөт. Биз сиздин президент катары, өлкөнү модернизациялоону дымактуу ишке ашырууңузга ишенүү менен, аймактык, глобалдык деңгээлде тынчтык үчүн кызматташууга барарыңызга үмүт артабыз. Мыйзамдуулуктун сакталышы, мамлекеттик башкаруунун сапатын арттыруу менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшөсүз. Айрыкча глобалдык пандемиядан улам келип чыккан оор кырдаалда Евробиримдик менен Кыргызстандын тыгыз байланышы болоруна ишенебиз. Европа Биримдиги өлкөдө ачык өкмөт, басма сөз эркиндиги болушун ар тараптан колдойт», деп айтылат куттуктоодо.

Петер Буриан Бишкекке 27-январда Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуу үчүн келген.

10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты.

Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт Үйүндө болот. Мурдагы президенттер учурда Жогорку Кеңеш жайгашып турган имаратта иштеп келген. (BCh)

XS
SM
MD
LG