Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:47

Жумуштан бошотулган эки мугалим акыйкатчыга кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында орто мектепте иштеп кеткен эки мугалим жумуштан кыскартылганы үчүн тийиштүү кенемтесин ала албай жатканын айтып, Акыйкатчы институтуна кайрылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Эки мугалим мектепте сабак берүү сааты жетиштүү болбогону үчүн 2020-жылдын сентябрь айында жумуштан кыскарган. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөн кенемте каражатын алышкан эмес. Акыйкатчы институту мугалимдердин Эмгек кодесиндеги укуктары бузулган деп таап, Билим берүү министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнө кайрылуу жолдогон.

Нарын облустук усулдук билим берүү борбору акыйкатчыга "Ат-Башы райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалымкаты болгон учурда тиешелүү кенемте төлөнүп берилет" деп жооп кайтарган. Учурда бул арыз акыйкатчынын көзөмөлүндө экенин кабарлашты.

Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, кызматкер кыскарууга туш болуп жумуштан бошотулган учурда 87-берене («Жумуштан бошогон кызматкерлерге берилүүчү жеңилдиктер жана компенсациялар») жана 366-берене («Уюмду жоюуга, кызматкерлердин санын же штатты кыскартууга байланыштуу жумуштан бошотулган кызматкерлерге мамлекеттик кепилдиктер») боюнча кенемте төлөө каралган. (TSh)

XS
SM
MD
LG