Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Навальныйды колдоо акциясы өтө турган күнү Москвада жети метро жабылат


Москвадагы метролордун бири.

Москва бийлиги 31-январда жети метростанция жабыларын билдирди.

Шаар бийлигинин бул кадамына жекшембиде камактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоо акциясы өтөрү тууралуу чакырыктар себеп болду.

Маалыматка ылайык, саат таңкы сегизден баштап "Александровский сад", "Охотный ряд", "Театральная", "Площадь Революции", "Кузнецкий мост", "Лубянка" жана "Китай-город" метролору иштебейт.

Жергиликтүү бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернеттеги жапырт мыйзамсыз акцияга чыгуу чакырыктарынан улам жөө жүрүүгө да чектөө коюларын кабарлады. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва боюнча Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме чектөөлөр полициянын карамагында жүргүзүлөрүн белгиледи.

“Интерфакс” басылмасы “жума күнү полиция мыйзамсыз митингдерге катышкандар жана чакырык таштагандар жоопкерчиликке тартыларын эскертет” деп жазды.

Алексей Навальныйдын тарапташтары 31-январда жалпы өлкө боюнча нааразылык жыйындарын кайталоону көздөп жатышат. 23-январда Орусиянын көпчүлүк аймактарында өткөн нааразылык акцияларында полиция 4 миңдей кишини кармаган. Анда жыйынга 250 миңдей киши чыккандыгы маалымдалган.

28-январда убактылуу абакта (15-февралга чейин) кармалышына каршы жазган доо арызы сот тарабынан четке кагылган соң, Навальный орусиялыктарды Владимир Путиндин бийлигине каршы тайманбастан нааразылык билдирүүгө үндөдү. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG