Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

УКМК: Улукбек Өмүрзаков прокуратурадан кетүү жөнүндө арыз жазды


Улукбек Өмүрзаков.
Улукбек Өмүрзаков.

Ош облусунун прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков бул органдан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 1-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, көмүр кениндеги рейдерликке шектүү катары кармалган Өмүрзаковдун жана башка адамдардын бөгөт чарасы 30-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Тергөөгө көмөктөшкөнү жана 20 миллион сомдук зыянды мамлекетке кайтарып бергени үчүн Улукбек Өмүрзаковдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды.

Өмүрзаков былтыр ноябрда Ош облусундагы «Жол чырак» көмүр кениндеги рейдерликке шектүү катары кармалган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камалган.

Буга чейин Оштогу таасирдүү үй-бүлө болуп саналган Өмүрзаковдордун туура эмес аракеттери боюнча даттангандар болгон.

Улукбек Өмүрзаков мурда мындай дооматты каралоо деп эсептеген. Ал - ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси. (NT)

XS
SM
MD
LG