Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Сот Шадиевдин ишин өзүнчө бөлүп кароодон баш тартты


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата Кой-Таш окуясы жана коррупциялык айыптар боюнча ишти карады.

Айыпталуучулардын бири, мурдагы президентти жактаган КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" билдиргендей, сотко Атамбаев алып келинген жок.

Адвокаттар ал саламаттыгына байланыштуу келе албай турганын айтышты. Соттук коллегия жараянды Атамбаевсиз улантуу же жылдырууну кеңешип, натыйжада кийинки отурум 17-февралга белгиленди.

Териштирүүдө мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин адвокаттары анын ишин өзүнчө бөлүп кароо тууралуу өтүнүч келтиришип, бирок сот аны четке какты.

Сот ишти карап жаткан учурда имараттын сыртында Алмазбек Атамбаевдин бир нече тарапкери акция өткөрүшүп, аны үй камагына чыгарууну талап кылышты.

Райондук сот Атамбаев жана башка адамдарга карата козголгон бир нече кылмыш ишин ноябрдан бери бириктирип карап жатат. Алар - Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, «Терек» сурма кениндеги коррупция боюнча кылмыш иштери.

Бул иштерде мурдагы президент менен кошо күнөөлөнүп жаткандардын арасында издөөдө жүргөн экс-мэр Албек Ибраимов, мурдагы депутат Аскарбек Шадиев да бар.

Мындан тышкары Атамбаевге карата кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча иш да сотто каралууда.

Былтыр июнда ал «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кесилген.

Адвокаттардын өтүнүчүнөн кийин Жогорку сот 30-ноябрда бул ишти кайра караш үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. 10-декабрда биринчи отурум өткөн.

Атамбаев жана анын тарапташтары, адвокаттар ага карата козголгон иштерди саясий куугунтук катары баалап келатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG