Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

Жо Байден Капитолийдеги чабуул учурунда каза болгон полициячы менен коштошууга катышты


АКШнын Улуттук Гвардиясынын аскерлери Капитолийдин ичинде
АКШнын Улуттук Гвардиясынын аскерлери Капитолийдин ичинде

АКШнын президенти Жо Байден жана жубайы Жилл Байден 6-январда Капитолийдин имаратына топ адам кирип келген учурда каза болгон полиция офицери Брайан Сикник менен коштошуу зыйнатына катышты. Маркум менен коштошуу зыйнаты Капитолийде өтүп, имаратка анын сөөгүнүн күлү салынган куту коюлду. Президент Байден жана АКШ Конгрессинин мүчөлөрү кызматын аткарып жатып каза болгон офицерге урматын билдирди.

Капитолийдеги полициянын маалыматы боюнча, Сикник 6-январдагы окуялар учурунда жаракат алган. Анын кесиптештери 42 жаштагы полиция кызматкери демонстранттар Капитолийге кирип келгенде өрт өчүрчү куту менен башынан оор жараткан алганын айтып чыгышкан.

Брайан Сикник 1997-жылы мектепти аяктаган соң Улуттук Гвардияда кызмат кыла баштаган. Кийин Сауд Арабиясында, Кыргызстандагы АКШнын аскер базасында кызмат өтөгөн. Маркум 2008-жылдын тартып Капитолийдин полициясында иштей баштаган. Анын сөөгү Арлингтон улуттук көрүстөнүнө жерге берилет.

Вашингтондо 6-январда АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийге кирип барышкан. Анда Конгресстин кош палатасынын орток отурумунда Шайлоочулар коллегиясынын президенттик шайлоо жыйынтыгы боюнча бүтүмү жарыяланып жаткан. Ошол учурда Трамптын бир нече миң жактоочусунун тынч нааразылык акциясы зомбулукка айланып, айрымдары Капитолийдин ичине кирип келишкен. Натыйжада отурум бир нече саатка үзгүлтүккө учураган. Анын жыйынтыгында беш киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG