Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Коронавирустан Бишкекте дагы үч киши кайтыш болду


Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 4-февралга карата вирустан Бишкекте дагы үч киши каза болду. Кыргызстан боюнча 70 адамдан оору табылды.

Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 84 832 киши болду. Жалпы ооругандардын 81 334ү сакайды. Соңку бир күндө 102 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1418 кишиге жетти.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 аныкталган кишилерди аймактарга бөлгөндө:

Бишкек шаарында – 22;
Чүй облусунда - 25;
Ысык-Көл облусунда – 15;
Ош облусунда - 4;
Нарын облусунда, Ош шаарында, Талас жана Жалал-Абад облустарында бирден киши катталды.
Баткен облусунда бул суткада оору катталган жок.

COVID-19 жугузуп алып ооруканада жаткан 527 бейтаптын 32си өтө оор, 127си оор абалда. 365инин абалы орто оордукта, калган үч бейтаптык ал-акыбалы канааттандырарлык.

Андан тышкары, 617 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG