Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Кабулда төрт мамлекеттик кызматкер өлтүрүлдү


Жоочулардын чабуулуна кабылган автоунаа. Кабул. 9-февраль, 2021-жыл.
Жоочулардын чабуулуна кабылган автоунаа. Кабул. 9-февраль, 2021-жыл.

Ооганстандын бийлигинин өкүлдөрү билдиргендей, белгисиз жоочулар баш калаадагы төрт мамлекеттик кызматкерди атып кетишти. Согушкерлер Айыл жергелерин өнүктүрүү жана калыбына келтирүү министрлигинин кызматкерлери бараткан автоунааны аткылашкан.

Бул тууралуу билдирген Кабулдун полиция өкүлү Фердоус Фарамарз учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Соңку айларда мамлекеттик кызматкерлерди, журналисттерди жана активисттерди бутага алган кол салуулар күч алды. Ооганстандын расмий бийлиги жана АКШ зомбулуктун күчөшүнө талибдерди күнөөлөп келет, бирок «Талибан» бул дооматтарды четке кагып жатат. Өлкөдө талибдер менен катар эле «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлери активдүү.

Ооганстандагы дээрлик 20 жылдан бери уланып келаткан согуштуу токтотуу максатында Кабул менен талибдердин ортосунда Катарда башталган сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG