Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

«Улуттук энергохолдинг» компаниясына Бакыт Сыдыков директор болуп келди


Бакыт Сыдыков.
Бакыт Сыдыков.

«Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомуна Бакыт Сыдыков төрага болуп дайындалды. Аны 9-февралда энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев тааныштырды.

Бакыт Сыдыков буга чейин Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана кендерди пайдалануу комитетинин бөлүм башчысы болуп иштеген.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айтмамат Назаров 2020-жылдын 2-ноябрында кызматтан кеткен. Андан кийин мекемени Нурбек Козубеков жетектеп жаткан. Ал кайсы күнү кызматтан кеткени айтылган жок.

«Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик энергетикалык компанияларды башкарат. (ErN)

 

XS
SM
MD
LG