Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Ак үйгө келтирилген чыгым болжол менен 230 миллион сом


6-октябрдагы Ак үйдүн алды
6-октябрдагы Ак үйдүн алды

Ак үйгө 5-6-октябрда келтирилген материалдык-техникалык чыгымдын суммасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 230 миллион сом деп божомолдонууда. Чыгымды эсептөө боюнча азыркы тапта мекеме аралык комиссия иштеп жатат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын материалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бакбур Исаев билдирди:

"Бухгалтердик эсепте турган баланстагы алдын ала эсептөөлөр менен аныкталды. Ал эми иш жүзүндө оңдоого андан да көп каражат кетиши мүмкүн".

Мекемелер аралык комиссиянын чечиминен кийин имаратты калыбына келтирүүгө керектүү каражат бюджеттен суралат.

Ай үйдүн имаратын азыркы тапта оңдоп-түзөө иштерин депутаттар жана жеке ишкерлер каржылоодо. 5-6-октябрдагы талкалоодон кийинки оңдоого 9-февралга чейин 20-25 миллиондой сом каражат жумшалды.

Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, бул сумманын 15 миллион сомун депутаттар өзүлөрү чыгарды.

Ак үйдүн жетинчи кабатында ким отурат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:16 0:00

2020-жылдын 4-октябрында болгон парламенттик шайлоодон кийин элдик нааразылык күчөп, 5-6-октябрда Ак үй талкаланган.

Парламенттин иш башкармалыгы имаратка 14-октябрда кирип, оңдоп-түзөө иштери башталган. (BCh)

XS
SM
MD
LG