Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

«Медиа Полиси Институту»: Матраимовдун иши каралган сотто мыйзам бузулду


Райымбек Матраимов сот залында. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 2021-жылдын 9-февралы.
Райымбек Матраимов сот залында. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 2021-жылдын 9-февралы.

«Медиа Полиси Институту» уюму Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга шектелген ишин караган сотто мыйзам бузулду деп эсептейт.

Уюмдун юристи Акмат Алагушев 10-февралда билдирүү таратып, алгачкы сот отурумун жабык кароого негиз болбогонун, журналисттер кененирээк залга өтүү шылтоосу менен чыгарылып, кайра кире албагандыктан коомдун кызыгуусун жараткан иш боюнча толук маалымат алуу укугунан ажыраганын белгиледи.

Бул билдирүүгө сот жана прокуратура органдары комментарий берише элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган. Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 9-февралда бул ишке байланыштуу алгачкы сот отуруму жабык өттү. Кийинки отурум 18-февралга белгиленди. (RK)

XS
SM
MD
LG