Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчисинин мыйзамсыз иштерине байланыштуу териштирүү баштаганын 12-февралда билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ушул эле күнү кылмышка шектүү катары ишкананын башкармалыгынын төрагасы Элмырза Үкүбаев кармалды.
Атайын кызмат Үкүбаев алтын казуучу компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн “кызматтан кетирем” деп коркутуп, айлыгынын бир бөлүгүн берип турууну талап кылган деп эсептейт. Ыкчам тергөө иштеринин алкагында ал 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганы айтылды.
33 жаштагы Үкүбаев бул кызматка туура үч ай мурда дайындалган. Анын тарапкерлери же жактоочусу азырынча атайын кызматтын билдирүүсү боюнча комментарий берише элек. (RK)