Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

"Эмгек" партиясын Ырысбек Мааткабылов жетектемей болду


"Эмгек" партиясынын курултайы.
"Эмгек" партиясынын курултайы.

«Эмгек» саясий партиясында жаңы жетекчи шайланды. Бүгүн, 13-февралда Бишкекте партиянын кезектеги, бешинчи курултайы өтүп, төрагалыкка Ырысбек Мааткабылов тандалды.

45 жаштагы Мааткабылов 2013-2014-жылдары Бишкектин Ленин райондук акимчилигин, шаардын Дене тарбия жана спорт башкармалыгын жетектеген.

Ырысбек Мааткабылов.
Ырысбек Мааткабылов.

Партиянын өкүлдөрү “Азаттыкка” кабарлашкандай, курултайда апрелде боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого бардык шаарлардан катышуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошондой эле партиянын саясий кеңешинин курамынын үчтөн экисин жаңылоо тууралуу чечим кабыл алынды.

“Эмгек” партиясын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскар Салымбеков негиздеген. Андан кийин партияны Нарынбек Молдобаев жетектеп жаткан.

2015-жылы “Эмгек” “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен бирге парламенттик шайлоого катышып, добуштардын 6, 15% алган.

Быйыл 11-апрелде өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Бул өнөктүк 2020-жылдын апрелинде болмок. Бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган. Беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттары шайланмак. “Эмгек” бул шайлоого Ош, Токмок жана Балыкчы шаарларынан катышарын жарыялаган.

“Эмгек” 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого да катышарын билдирип, бирок кийин баш тартып койгон жана БШКда катталган өкүлдөрүн чакыртып алган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышарын 12-февралда Бишкекте өткөн курултайында “Социал-демократтар” партиясы да жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG