Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

COVID-19: Штаб кырдаалдын начарлоо ыктымалдыгына даярдыкты талкуулады


Артем Новиков онлайн жыйын өткөрүүдө.
Артем Новиков онлайн жыйын өткөрүүдө.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кетсе бардык медициналык мекемелердин ишин жөнгө сала турган планын иштеп чыгышы керек. Мындай талап 13-февралда коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өткөргөн жыйынында коюлду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында республика боюнча коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы жалпысынан жайлап баратканы, ооруну жугузуп алгандарга караганда айыгып чыккандар көбүрөөк болуп жатканы, бирок дүйнөдө мутация болгон вирус аныкталганы жана ага каршы туруунун бардык чаралары көрүлүшү керектиги айтылды.

Новиков “Биз өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына алып келүүчү ар кандай коркунучтарды алдын алууга даяр болушубуз керек” деди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, азыркы тапта Кыргызстанда коронавирус болуп ооруган бейтаптар үчүн ачылган 1985 орундун 459унда бейтаптар жатат, калганы бош турат. Дары-дармек, коргонуучу каражаттардын эки айлык запасы бар.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы 2020-жылдын март айында башталган. Бул илдет дээрлик 85 миң адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду.

Декабрь айында Улуу Британияда COVID-19дун тезирээк жайылуучу жаңы штаммы аныкталып, ал башка да өлкөлөрдө катталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG