Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Украинанын чыгышындагы жардыруудан үч жоокер каза болду


Украинанын чыгышында жардыруудан үч жоокер набыт болду. Акыркы аптада эле Донбасстагы жаңжал талаасында беш украин жоокери каза болду.

Учурда Сауд Арабиясында сапар менен жүргөн өлкө президенти Владимир Зеленскийдин кеңсеси жоокерлердин өлүмүнүн жагдайларын териштирүү үчүн коргоо министри жана Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Донбасска жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Президент 15-февралда өлкөгө кайткан соң бул окуя боюнча аскер жетекчилеринин маалыматын угары кабарланды.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер жана өкмөттүк аскерлердин ортосундагы жаңжал 2014-жылы башталган. Анын кесепетинен 13 миң ашык адам каза болду.

Эл аралык коомчулук бул жаңжалда жикчилерди Орусия бийлиги курал-жарактан жана каржылык жактан колдоп жатат деп сынга алып келет, ал эми 2014-жылы Украинага таандык Крым жарым аралын бир тараптуу каратып алган расмий Москва бул дооматты четке кагууда.

XS
SM
MD
LG