Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Бажыдагы коррупция: Дагы эки адамга өкүм чыкканы белгилүү болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматында коррупциялык схема түзгөн деп шек саналган мурдагы эки бажычыга да сот өкүмү чыкканы белгилүү болду.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 27-январдагы чечими менен Бажы кызматанын төрагасынын мурдагы орун басары, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айып салынды.

Ушул эле иш боюнча айыпталган Түндүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев да коррупция боюнча коюлган күнөөнү моюнуна алып, 5-февралда ага да 260 миң сом айып пул салынды. Бул маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Экөө тең тергөө менен кызматташып Бажыда коррупциялык схема түзгөнү үчүн буга чейин Ражабалиев 12 млн. сом, Боронбаев 8 млн. сом бюджетке төгүп берген.

Тергөө аныктагандай, алар бул иштерди Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен чогуу кылышкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун бул чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өттү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эгерде Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса, тергөө иштери улантыларын билдирди.

«Азаттык» өнөктөштөрү менен бирге былтыр Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы кымбат мүлктөрдү иликтеп чыккан.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 24-декабрда Матраимов түзгөн схема аркылуу алар Кытай менен Кыргызстандын чек арасынан өткөн ар бир автоунаадан 500 доллардан 3 миң долларга чейин акча алып турушканын айткан.

Ташиев бажыдагы жемкорлукка 38 киши шек саналып анын ичинен 10 адам кармалып кайра коё берилгенин, алардын бул ишке тиешеси жок экени такталганы жана калгандары иликтенип жатканын кошумчалаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG