Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Адвокаттар кеңешинин төрагасы өзүнө тагылган айыптарды төгүндөдү


Билим Райымкулов. Арман Кыйгырова (архивден)
Билим Райымкулов. Арман Кыйгырова (архивден)

«Кыргызстандын адвокатурасы» уюмунун адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов бирикменин мүчөсү Арман Кыйгырованын айыптоолоруна жооп кайтарды. Райымкулов 15-февралда “Азаттык” радиосуна билдиргендей ал “пальто иши” боюнча Жогорку соттун чечими менен толук акталган жана бүгүнкү күндө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда анын моралдык зыян боюнча доо арызы каралууда:

“1995-жылы болгон экен. Менин ага эч тиешем жок. Жогорку Сотто толук акталып, өкүм чыгарылган. Бирок, кылмыштын курамы жок деп аяктаган ишти кайра-кайра көтөрүп, Арман Кыйгырова менин аброюма шек келтирип келет. Көп жылга созулган соттук териштирүүлөрдөн улам, ден соолугума залакасы тийип оруканага жатып, материалдык дагы, моралдык да көп зыян тартып жатам. Айтып жаткандарынын барынын далили жок. Болгону, чыр Арман Кайгырованы Адвокаттар Окуу борборунун директорлугунан жамааттын чечими менен алып коюшса мага өчөшүп калды. УКМК, ИИМ, прокуратура, финпол жана сотторго жаза берген. Бүгүнкү күндө мага карата эч кандай жазык жана издөө иши жок. Тескеринче, Арман Кыйгыровга карата Кылмыштардын жана Жоруктардын Бирдиктүү реестерине жазык иши катталып, өндүрүшкө алынган. Анткени, ал 2018-жылы август айында ишке киришмек. Бирок, Арман Кыйгырова функционалдык милдеттин аткарбай, жумушка чыкпай, Окуу Борборунун ишин үзгүлтүккө учураткан. Ишти баштабай жатып, коллектив менен конфликтерге барган үчүн анын үстүнө жамааттык арыздар түшүп, кыска аралыктын ичинде кызматтан алуу чечими кабыл алынган. Мунун барына далилдүү фактылар бар”.

8-февралда Кыйгырова мурдараак социалдык түйүндөгү баракчасында башкы адвокатты айыптаган билдирүүлөрдү бөлүшкөнүн “Азаттыкка” билдирген. «Мен vesti.kg сайтына чыккан макаланы бөлүшкөм. Анда «Кыргызстандын адвокатурасын пальтону уурдоого шектүү адам башкарат» («Адвокатуру КР возглавляет человек, судимый за кражу пальто») деп жазылган болчу. Макаланы мен жазган эмесмин, ошол басылманын журналисти жазган, соттук актынын көчүрмөлөрү келтирилген. Билим Райымкулов аны төгүндөгөн эмес, демек, анда жазылган маалыматтар чын» деген ал. (RK/ErN)

XS
SM
MD
LG