Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Блинкен Ирактын Күрдистан аймагына ракеталык чабуулду иликтөөгө чакырды


 Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ирактын Күрдистан чөлкөмүндө болгон ракеталык чабуулду иликтөөгө чакырды. Ал кол салууда бир адам өлүп, беш киши жараат алган. Алардын арасында америкалык аскер да бар.

«Биз бүгүн Ирактын Күрдистанында болгон ракеталык чабуул үчүн нааразыбыз. Мен Күрдистандын жергиликтүү өкмөтүнүн башчысы Масрур Барзани менен окуяны талкуулоо үчүн байланыштым. Ошондой эле мен ага чабуулду иликтеп, анын артында тургандарды жоопкерчиликке тартууда колдоо көрсөтө аларыбызды билдирдим», - деп жазылат Мамдепартамент тараткан билдирүүдө.

Блинкен ошондой эле Кошмо Штаттар каза болгон адамдын жакындарына жана бул ырайымсыз чабуулдардын жабыркаган бейкүнөө ирактыктарга жана алардын туугандарына көңүл айтканын кошумчалады.

Күрдистандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, ракеталар баш калаа Эрбилдин түштүк тарабынан, Киркук менен чектеш аймактан учурулуп аэропорттун жака белиндеги турак жайлардын үстүнө түшкөн. Мурдараак АКШнын расмий адамдары ракеталар коалициянын күчтөрү жайгашкан аскердик базанын жанына түшкөнүн кабарлаган.

Ирактын президенти Бархам Салих чабуулду «кооптуу эскалация жана кылмыштуу террордук чабуул» деп атады.

Ирактын айрым расмий өкүлдөрү билдиргендей, соңку айларда Иран менен байланышы бар топтор коалиция күчтөрүнө жана аларга жалданып иштеген жергиликтүүлөргө, АКШ объекттерине коюлган чабуулдар үчүн жоопкерчилик алышкан.

Коалиция күчтөрүнө былтыр марттагы чабуулда бир британиялык, эки америкалык аскер жан

таслим болгон.

XS
SM
MD
LG