АКШнын Конгресси Капитолийге чабуулду иликтөө боюнча көз карандысыз комиссия түзөт. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин демократтарга жолдогон катында айтылат.
Андагы маалымат боюнча эксперттик топ 2001-жылдын 11-сентябрдагы террордук чабуулдун жагдайларын иликтеген комиссияга окшош тартипте иш алып барат.
Пелоси комиссия иликтөө жүргүзүп, “ички террордук акт”, “өлкөдөгү бийликти тынч жол менен өткөрүүгө кийлигишүүгө” байланышкан фактылар жана себептерди коомчулукка жарыялашы керектигин кошумчалады.
Буга чейин Өкүлдөр палатасынын спикери отставкадагы генерал Рассел Онореге Конгресске чабуулдан кийинки чараларга баа берүүнү тапшырган. Бул анализдин негизинде Конгресс парламент жана анын мүчөлөрүнүн коопсуздугун күчөтүү боюнча чечимдерди кабыл алышы мүмкүн.
Көз карандысыз комиссия түзүүнү 13-февралда Сенатта экс-президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо демилгеси колдоо таппаган соң демократтар да, республикачылар да сунуштаган.
АКШ Конгрессинин Сенаты менен Өкүлдөр палатасынын быйыл 6-январдагы орток отурум өткөрүп жатканда шайлоодо утулуп калган мурдагы президент Трамптын тарапкерлери Капитолийге кирип келген. Натыйжада отурум бир нече саатка үзгүлтүккө учураган. Анын жыйынтыгында беш киши каза болгон.
Бул окуя боюнча Демократтар Дональд Трампка импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөн. Сенатта бир нече күнгө созулган жыйындан соң Трампка импичмент жарыялоо сунушуна 57 “макул” жана 43 “каршы” добуш берилип, сунуш өтпөй калды.