Бишкек шаардык соту ички иштер министринин мурдагы орун басары, генерал Курсан Асановго чыккан өкүмдү күчүндө калтырды.
Ага ылайык Асанов 26-мартка чейин абакта болот.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна анын жактоочуларынын бири Икрамидин Айткулов кабарлады.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын 28-январда караган. Анын жактоочулары соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, Бишкек шаардык сотуна кайрылган болчу.
Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, 26-январда кармалган.
Ал 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.
Курсан Асанов 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышып, жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган. Кийинчерээк шайлоонун жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.
Асанов 2010-жылдын июнь айынан сентябрына чейин Ош шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеген. 2010-2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2011-жылдан 2019-жылга чейин ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенген. (BCh)