Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Аттиң, автокырсык болбогондо…


Бейшенбай Тоголокович Мураталиев. 1965.
Бейшенбай Тоголокович Мураталиев. 1965.

Бейшенбай Мураталиевдин өмүр жолу көпчүлүк партиялык кызматкерлерге окшош. Бирок анын тагдырында достору гана айтып калган өзгөчө барактар да болгон.

Бейшенбай Тоголокович (Тоголок уулу) Мураталиев (1929 –1973) Ленинграддагы каржы-экономикалык институтту аяктап, Кыргызстанга келип окутуучулук, илимий иште жүргөн кезинде кызматынан көтөрүлүп, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы болгон.

Ал жумурияттагы болочокку жетекчи болууга татыктуу кадрлардын катарына кирген чагында автокырсыктан набыт болуп калган.

Мыкты илимпоз, жаркын адам

Бейшенбай Тоголок уулу 1929-жылы 10-февралда Бишкектин түштүгүндөгү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу айлында төрөлгөн.

Ал Ленинграддагы каржы-экономикалык институтун бүтүп келгенден кийин Кыргыз мамлекеттик университетинде, кийинчерээк Кыргыз ССР илимдер академиясынын Экономика институтунда Өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу бөлүмүндө башчы, аз убакыт институт директору болуп иштеген.

1961-жылдан тарта ал компартиялык ишке өтүп, Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы, кийин 1963-жылы катчысы болуп дайындалган.

Кыргыз ССР Илимдер академиясында Бейшенбай Мураталиев менен чогуу иштеген академик Кайып Оторбаевдин эскерүүсүнө караганда, ал кезде өндүрүш күчтөрүн жайгаштыруу маселесине жогорку бийлик көңүлү бурулуп калган экен.

Кыргыз өкмөтү менен Мамлекеттик пландоо комитети өндүрүш күчтөрүн өнүктүрүү жана жайгаштыруу проблемасын иликтөөгө киришип, алгач 1965 – 1970-жылдарга эсептелген программасын иштеп чыгышкан.

Бул ишке ошол кездеги Кыргызстандын Илимдер академиясы, экономикалык багыттагы жогорку окуу жайларынын кафедралары, окумуштуу-илимпоздор, Мамлекеттик пландоо комитетинин кызматкерлери тартылган.

Алгач опол тоодой ишти өнүктүрүү жана жайгаштыруу схемасы иштелип чыккан. Анын негизинде 1965 – 1970-жылдары Кыргыз ССРинин эл чарбасын өнүктүрүү планы түзүлгөн.

“Анысы деле түшүнүктүү, - деп жазган Кайып Оторбаев, - ал кезде илимдин баркы жогору, илимпоздордун пикирин угуп турушчу, алардын кеңешин бийликтин эң бийик тепкичинде отургандар эске алышчу. Алардын кимиси болсо да убакты-саатын аябай, болбоду дегенде кайсы бир илимдин кандидаты болгусу келчү, антишке эки көзү төрт эле. Ал кездеги академиялык институттун директору Борбордук комитеттин тийиштүү бөлүмүнүн башчысынын деңгээлинде деп эсептелчү.

Бейшенбай Тоголокович Мураталиевди Кыргызстан Компартиясынын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы кылып бекиткенде, биз аны кызмат жагынан аябай жогорулап кетти деп эсептеген эмеспиз. Башка иш, бир канча убакыттан кийин ал Борбордук Комитеттин идеология боюнча катчысы болуп калды, бул кызмат жагынан жогорулоо экени талашсыз эле.

Кайып Оторбаев (солдо) үй-бүлөсү менен.
Кайып Оторбаев (солдо) үй-бүлөсү менен.

Академиядан кетип жатып Мураталиев өзүнүн директордук ордуна татыктуулардын бири катары мени сунуш кылды. Ал кезде ошондой эле, партиялык же советтик жооптуу кызматка чоңоюп кетерден мурун ордуңа кимди калтырышыңды ойлоп, камын көрүп коюш керек болчу. Андан тышкары, Борбордук комитетте менин талапкердигимди карап көрүшкөндүр.”

Бейшенбай Мураталиевдин тушунда башталган экономикалык изилдөөлөр, эмгек резервдерин пайдалануу, агрардык комплексти жана өнөр жайын өнүктүрүү, экономикалык аймактарды аныктоо иштери чогуу жүргөн.

Мунун баары өлкөнүн экономикалык потенциалын өнүктүрүү, негизинен айыл чарбага басым жасаган республиканын өнөр жайынын кулач жайышына алып келиши керек эле. Чогултулган эбегейсиз зор илимий материалды аңдап чыгуу, аларды системага салуу, багыттарды аныктоо милдети турган.

Бейшенбай Мураталиев жумурияттын экономикалык мүмкүндүгүн мыкты билчү, кайсы жерде кандай байлык жатканын, аны кантип пайдалануу жолдорун иликтөөгө кыйла жылдарын арнаган окумуштуу эле. Ошондон улам анын партиялык жооптуу кызматка дайындалышы мурда экономикалык илимий теория катары айтылып келген жоболорду практикалык ишке ашырууга мүмкүндүк түзгөн.

Анын үстүнө Никита Хрущевдун тушунда башталып калган экономикалык реформа, СССР Министрлер советинин төрагасы Алексей Николаевич Косыгиндин реформасы деген ат менен тарыхка кирген жаңылануу иштери аркылуу улантылган.

Алексей Косыгин беларустук «Азот» ишканасында. 1968-жыл.
Алексей Косыгин беларустук «Азот» ишканасында. 1968-жыл.

Арадан анча деле көп убакыт өтпөй А.Косыгиндин реформасы Кремлде отурган өлкө башкаруучусуна жакпай, ишкана, чарбалардын өз алдынчалыгы, пландан ашыкча өндүргөн товарын өзү каалагандай баада сатып өткөрүү, ал аркылуу чарбалык эсепке негизделген социалисттик экономиканын жанданышы токтолуп, коммунисттик империя бир кыйла жыл “брежневдик дымыгуу” мезгилине туш келет.

“Биздин изилдөөлөр республика жетекчилиги менен Москванын колдоосуна, жактыруусуна жарады. Бизди республикада фундаменталдык иликтөөлөрдү жүргүзгөн илимпоздор деп башкаларга үлгү катары көрсөтүшкөнү эсимде. Ошол изилдөөлөрүбүз, иштеп чыккан илимий жаңылыктарыбыз ага катышкан окумуштуулардын кандидаттык, доктордук диссертацияларына негиз, жерпайы болуп берди”, - деп жазган академик Кайып Оторбаев.

Ошондой үлкөн иштин башында турган Бейшенбай Мураталиевдин ийгилиги, айрыкча ал иштин чоң борбор Москвадан колдоо табышы, мактоого арзышы ал кездеги республика борбору Фрунзеде отурган айрымдардын куйкасын куруштуруп, катуу чочулаткан.

Бейшенбай Тоголокович Мураталиев. 1965. Тарыхчы Махабат Жунусова архивден алган сүрөт.
Бейшенбай Тоголокович Мураталиев. 1965. Тарыхчы Махабат Жунусова архивден алган сүрөт.

Борбордук комитеттеги ачык-тымызын тиреш

Кайсы ишке киришсе да, көпчүлук арасында кадыр таап, кайда болсо да мактоого татыган идеологиялык катчынын жасаган-эткендери Биринчиге (Турдакун Усубалиевге. - ред.) жакпай калганын Б.Мураталиев менен иштешкен, аны жакшы билип калгандардын эскерүүлөрүнөн баамдоого болот.

Эң алгач Салижан Жигитовдун кыска эскерүүсү:

“Ырас, кээде билимдүү, таланттуу, жамалдуу кишилер да чочугандай көтөрүлүп калчу. Мисалы, андайлардын бири - Бейшенбай Тоголокович Мураталиев эле. Турдакун Усубалиевич Тоголоковичти көтөрөрүн көтөрүп алып, бирок а киши Москвага чогулуштарга барып, Капитонов тарабынан кабыл алынып, Кремлдеги чоң-кичине чиновниктердин кеп-сөзүнө кирип калганда, кайра аны басым-кысымга ала баштаганы жашыруун сыр эмес болчу. Мен Турдакун Усубалиевичтин ичи тардыгы, кызганчактыгы, кекчилдиги тууралуу кеп-сөздөрдү маркум Бейшен Тоголоковичтин өзүнөн да, анын жакын кишилери (менин ашыналарым) Касым Исаев менен Ишенбай Абдуразаковдон да уккамын. Суранып кайрылсаңар, колу бош пенсионер Касым Исаевич бул маселеге байланыштуу толгон-токой факты айтып же жазып берээр”.

Салижан Жигитовдун жакын досу, ыраматылык Касым Исаевдин Б. Мураталиев менен жакын мамиледе болгонун, анын көзү өткөндөн кийин Борбордук комитеттеги жакын деген адамдарынын баары кызматтан бошотулганын атайын эскерген жайы бар.

Б. Мураталиев Касым Исаевден тогуз жаш улуу, кыргыз университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атынлагы КУУда) аны окутканын, партиялык аппаратка Исхак Раззаков бөлүм башчы кылып алып келгенин белгилейт.

34 жашында Б. Мураталиев Кыргызстан КП БКнын идеология боюнча катчысы болуп, бул кызматында он жыл иштеген.

«Кийинчирээк Усубалиев менен Мураталиевдин арасы начарлай баштады. Ал кезде интеллигенция Мураталиевге көп келип жатат десе, «ии, эл менден аны көбүрөөк баалап атабы?» деген ой беркиде болбой койду дейсиңби?

1960-жылдардын аягында Ысык Көл облусу кайра түзүлгөн. Султан Ибраимов Ош облусунун биринчи секретары болчу. Усубалиев Ибраимовго тапшырма берет: «Сен БКнын бюросунда сунуш бер, Мураталиевди БК секретарлыгынан бошотуп, Ысык-Көл обкомуна биринчи секретарь болуп барсын, - деп».

Ысык-Көл кичине облус болгондуктан, секретары БК бюросуна мүчө болчу эмес. А бюрого мүчө болгондордун заседаниелерде эмне деп сүйлөгөндөрү стенографияга жазылып, Москвага жиберилип турчу. Кимдин эмне дегенине Москвадан - КПСС БКдан көз салып турушчу.

Ошондо Мураталиев: «Турдакун Усубалиевич, БКдагы менин ордум керек болсо, алгыла. Өзүм илим менен иштеп жүрөм, облуска барып дыйкан-мал чарбасын жакшы билбей, эл алдында уят болгум келбейт», - деп барбай коюптур.

Бейшен буларды кийин мага айтып атпайбы. Ошондон кийин эле аны кетирет экен деген сөздөр чыгып калды. Бейшен мага Москвага жума сайын телефон чалып турчу, эч нерсе деле айтчу эмес, себеби телефондорунун баары тыңшоодо эле.

БКнын идеология боюнча секретары интеллигенция менен иштешчү. Мураталиевди кетирет экен дегенден кийин, ага кирген киши азайды. Өзгөчө БК секретары катары өзү тейлеген органдардын жетекчилери», - деп Касым Исаев жазган.

Касым Исаевдин айтуусунда, Кыргызстан коммунисттеринин кезектеги курултайы алдында Москвага берилген билдирүүдө: «идеология боюнча жакшы иштер жасалган, жеке Б. Мураталиев жакшы иштеген», - деп жазылып калат.

Ушундан улам Усубалиев аны алмаштыруу маселесин козгоого батынбайт. Ошентип бир канча жыл республикадагы эки жетекчинин ачык-тымызын тирешүүсүнө кетет.

Касым Исаев Москвага келгенде: «1970-жылдарга чейин Усубалиев менен араздашып, абдан нерв коротчу элем. Эми мени иштен кетире албай калгандан кийин, Усубалиев нерв боло баштады», - деп айтканын эскерет.

1973-жылы Кыргызстан компартиясынын идеология боюнча катчысын Москвадагы КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөлөрү, катчылары кабыл алып, маселе чечилерге аз калганы Касым Исаевдин эскерүүсүндө кеңири баяндалган.

А бирок 1973-жылдын 7-апрелиндеги жол кырсыгынан улам Бейшенбай Мураталиев набыт болуп, ошону менен анын жогорку кызматка келиши тууралуу миш-миштерге чекит коюлган.

Азамат Алтай “Ала-Тоо” аянтында кабарчылар менен маек курууда. Бишкек ш., 30.8.1995.
Азамат Алтай “Ала-Тоо” аянтында кабарчылар менен маек курууда. Бишкек ш., 30.8.1995.

Монреалдагы жолугушуу

Бейшенбай Мураталиевдин кандай жетекчи, кандай адам болгонун анын Кыргызстан КП БКнын катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы кезиндеги бир окуя, атап айтканда, 1967-жылдагы Монреалдагы Эларалык көргөзмөгө Кыргызстан делегациясын баштап барып, ошол жерде Азамат Алтай менен жолугушуусун, аны Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиевдин эскерүу китеби боюнча эле келтиргеним оң го.

Канаданын Монреал (Montreal) шаарына Кыргыз эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев, академик Курман-Гали Каракеев, дагы башка бир топ кыргызстандыктар катышкан экен.

Азамат Алтай (1920—2006) ошол жолугушууну Б. Жакиевге айтып берген:

“Жаш кезде гезитке кабар жазчумун. «Гапар ага, — дедим. — Сизди мен «Ленинчил жаш» газетасында редактор болуп жүргөнүнүздөн тааныйм»,— десем, Айтиев «сен, деди, асман тиреген Нью-Йоркто жашайсың, элди-жерди сатып кетип! Жакында сен жашаган Нью-Йоркуңдун топурагы тоскок болот!» деди.

Албетте, «элди-жерди сатып» дегенине чыдабадым. «Гапар, — дедим. — Мен сен жашаган Фрунзенин тос топурак болушун тилебейм, сен чокунуп жүргөн Москваңын тос топурак болорун тилейм!» дедим.

Айтиев: «ЦРУнун агенти, чыгып кет!» деди.

Мураталиев: «Жолдош Айтиев!..» деп, ага акырая бир карады. Айтиев тым болду. Албетте, Гапар Айтиевден уккан сөздү мен Бейшеден угам деп баргам, Бейше андайды сүйлөбөдү. Күтпөгөн кишиден уктум ачуу сөздү. Көзүмө жаш айланды. Тамак ичээр маалыбыз дешти. Тышка чыктык. Менин галстугум кыйшайып кетиптир, Гапар келип түзөттү. Бул чындык. Муну мен эч бир заман унутпайм. Тышта автобус күтүп туруптур.

«Калган кыргыздар менен да көрүшөйүн дедим эле», деп, Бейшеге кайрылсам, Бейше «Жолдош көрсөтөт, Жолдош көрсөтөт», —​ деди.

…Кечеги катуу сөздүн баарын Мураталиевге Жолдош [Жусаев] айтыптыр. Жолдоштун айтымында, Мураталиев делегацияны чогултуп, "кишиче эмне сүйлөштү билбесеңер, мындан ары чет өлкөгө жолобойсуңар" деген. Айттыбы ушинтип, айтпадыбы?— билбейм. Менимче, айткан...»

Бейшенбай Мураталиев менен ал өлөрүнө жакын телефондон сүйлөшкөн Касым Исаев жума күнү Бейшенбай Ысык-Көлгө иш боюнча кетип атканын, эртеси кайтып келерин айтканын, бирок өкүнүчкө, ишембиге караган түнү жолдо автокырсыктан каза болгонун эскерген.

Бул автокырсык үчүн айдоочудан башка кимдир-бирөөнү күнөөлөш үчүн даректүү маалыматтар жокко эсе.

Бейшенбай Мураталиевдин капыс өлүмү аны өзүнө айныксыз атаандаш эсептеп алган кишинин чейрек кылым Кыргызстанды башкаруусуна андан ары мүмкүндүк берди. Жумурияттагы жогорку кызмат орду үчүн тымызын же ачык күрөш социализм заманындагы Кыргызстанда деле тынбай жүргөн.

Соңку өтүнүч. Окурмандарыбыз ыраматылык Бейшенбай Мураталиевдин фото сүрөттөрүн интернеттеги "Википедия" сыяктуу ачык маалымат корлорунда жарыялашса абдан сонун болоор эле...

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG