Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Матраимов айыпталып жаткан бул беренеде тергөө менен кызматташуу каралган эмес


Райымбек Матраимов (Архив)
Райымбек Матраимов (Архив)

Райымбек Матраимовго ачылган бул кылмыш иштин алкагында ага коюлуп жаткан беренеде тергөө менен кызматташуу каралган эмес. Бул тууралуу Матраимовдун жактоочусу Мадина Ниязова журналисттерге 20-февралда билдирди.

Белгилүү болгондой Бажынын мурдагы төрага орун басарына бул ирет "кылмыш жолу менен табылган акча каражатын адалдоо" айыбы коюлууда.

Буга чейин Райымбек Матраимовго "Коррупция" беренеси менен айып коюлуп, ал ирет айыпталуучу тергөө менен кызматташып, казынага 2 млрд сом акча төгүп бергени менен өзү эркиндикте калган болчу. Бул калың элдин аёосуз сынын жараткан.

Андан кийин президент Садыр Жапаров Райымбек Матраимовго башка да кылмыш иши козголо турганын атайын билдирген болчу.

20-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Матраимовдун бөгөт чарасын карап, аны 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Экс-бажычы эми тергөө маалында УКМКнын ТИЗОсунда (Тергөө изолятору) күн өткөрмөкчү.

Райымбек Матраимов 18-февралда түштөн кийин суракка чакырылган соң камакка алынган. 19-20-февралда анын тарапташтары Бишкек шаарында жана Кара-Суу районунда Матраимовдун боштондугун талап кылышып, нааразычылык акцияларын өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG