Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Тажикстанда кармалып тургандардын жакындары митингге чыгышты


Төрт-Гүл суу сактагычына байланыштуу митинг. Баткен. Февраль, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Төрт-Гүл суу сактагычына байланыштуу митинг. Баткен. Февраль, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Митингге чыкканда бүгүн, 22-февралда Баткенде облустук акимчиликтин алдына чогулуп, түрдүү себептер менен Тажикстанда кармалып турган туугандарын бошотуп берүүгө көмөктөшүүсүн облустук бийликтен талап кылышты.

Чогулгандардын айтуусунда, "чек арадан мыйзамсыз өткөн", "аткезчилик товар ташыган" деген себеп менен жыл башынан бери жыйырмадан ашуун адам Тажикстанда кармалып, камалып турат.

Баткен районунун тургуну Каламбек Мергеновдун "Азаттыктын" кабарчысына билдиргени боюнча, акыркы он күндүн ичинде эле Лейлек районунун Арка айылынан кыргызстандык жети адамды тажик чек арачылары кармашкан:

"Менин баламды да "чек араны мыйзамсыз басып өттүң" деп кармап, камап коюшту. Азыр эми сотту күтүп жатат".

Ушул тапта чогулгандардын өкүлдөрү акимчиликтин жыйындар залында өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиевди күтүп жатышат. Залга журналисттер киргизилген жок.

Кыргызстандык жарандардын кармалганы тууралуу Тажикстан тараптан расмий маалымат жок.

Баткен облусу Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш жайгашкан.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG