Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:20

Коронавирус дагы 44 адамдан аныкталды


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, бул илдеттен 47 адам айыкты жана алардын төртөө медицина кызматкерлери.

22-февралда 44 адам коронавирус илдетине чалдыкканы лабораториялык жол менен тастыкталды. Акыркы суткада оорудан көз жумгандар катталган жок.

Ушул тапта стационарда 409 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 10 адамдын абалы канааттандырарлык, 275 адамдын абалы орто оор, 101 адамдын абалы оор, 23 адамдын абалы өтө оор абалда деп бааланууда.

COVID-19 вирусу алгач аныкталган былтыр март айынан бери Кыргызстанда 85 929 адам ооруга чалдыгып, 82 803 киши айыкты. Илдеттен көз жумгандардын саны 1458 адамга жетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG