Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Кусеин Карасаевдин китеп көргөзмөсү болот


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 25-февралда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада белгилүү илимпоз Кусеин Карасаевге арналган "Кылымдарга тете из калтырган залкар" аттуу китеп көргөзмө ачылат.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Мамлекеттик тил комиссиясы уюштурууда.

Филолог, профессор Кусеин Карасаев 1901-жылы Түп районунун Кара-Секи (азыркы Токтоян) айылында төрөлүп, 1914-1916-жылдары орус-тузем мектебин бүткөн.

“Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү”, “Накыл сөздөр”, “Өздөштүргөн сөздөр”, “Күлкү наама”, “Камус наама” сыяктуу бир нече илимий эмгектердин автору.

Көргөзмө эки бөлүктөн турат. Биринчиси - "Түрколог окумуштуу", экинчиси - "Көркөм котормонун чебери" деп аталат.

Ага Карасаевдин китептери, гезит-журналдарга чыккан макалалары, сүрөттөрү коюлат.

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер бир нече тилде сүйлөй алган. Жубайы кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева менен үч кызды тарбиялап өстүрүшкөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG