Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

АКШ: Борбордук чалгындоо агенттигинин жетекчилигине дипломаттын талапкерлиги көрсөтүлүүдө


Борбордук чалгындоо кызматы.
Борбордук чалгындоо кызматы.

АКШда президент Жо Байден Борбордук чалгындоо кызматынын жетекчилигине мурда Орусияда элчи болуп иштеген дипломат Уильям Бернстин талапкерлигин койду.

Ал 24-февралда Сенатта сөз сүйлөп, Кытай менен Орусия Кошмо Штаттар үчүн "ири геосаясий сынак" экенин билдирди.

Бернс Кытайды "олуттуу авторитардык атаандаш" деп атап, Кытай бийлиги өз атуулдарынын интеллектуалдык менчигине кол салып, репрессиялап, аймагын кеңейтүү менен АКШга карата таасирин арттырып жатат деди.

Ошентсе да Бээжин менен климаттын өзгөрүшү, өзөктүк куралданууну жайылтпоо жаатында кызматташууга мүмкүн экенин айтты.

Орусияны кубаттуу, талкалоочу күч катары сүрөттөп, бирок дүйнөлүк держава катары алы кетип бара жатканын белгиледи.

"Владимир Путин бийликте турганда катуу атаандаш, ал тургай душман катары болобуз, кызматташуу чектелүү гана чөйрөдө ишке ашышы мүмкүн", - деди Бернс.

64 жаштагы Бернс - Борбордук чалгындоо кызматынын жетекчилигине көрсөтүлгөн биринчи дипломат. Сенат аны мурда Иордания менен Орусияга беш ирет элчи кылып дайындаган.

Мамлекеттик департаменттин жогорку кызматтарында иштеген.

2015-жылы Барак Обаманын бийлиги тушунда Иран менен өзөктүк куралдануу жаатындагы жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн дипломат катары таанымал. (BCh)

XS
SM
MD
LG