Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Үмүт Мукамбетова үй камагына чыкты


Шектүүнү кармоо учуру
Шектүүнү кармоо учуру

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетованын бөгөт чарасын аныктады. Ага ылайык Мукамбетова 23-апрелге чейин үй камагына алынмай болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

23-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өлкөдөгү маалымат агенттиктердин биринин жетекчиси М. Ү. К. 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган. Мекеме агенттиктин жетекчиси Жазык кодексинин 203-беренеси менен (“Опузалап талап кылуу”) шектелип жатканын маалымдаган.

Маалыматта: "Кармалган айым агенттиктин сайтындагы видео тасманы алып салуу үчүн акча талап кылган. Тасмада мас абалында автоунаа айдап бара жаткан адамды Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери кармап, административдик айыпка тартуу учуру тартылган", - деп жазылган.

"Кабарлар" маалымат агенттигинин жетекчисинин үстүнөн УКМКга кайрылган доогер менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (TSh/BCh)

XS
SM
MD
LG