Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:36

Путин: Орус тилинин Кыргызстандагы макамы маанилүү


Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жолугушуусу. 2021-жылдын 24-февралы

Москвада өтүп жаткан Президент Садыр Жапаровдун иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык талкууланып, Садыр Жапаров орус лидерине алгачкы иш сапары Москвадан башталып жатканына кубанычта экенин билдирди жана Путинди Кыргызстанга ырасмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Путин ага ыраазычылык билдирип:

“Биздин эки тараптуу кызматташтыктын дагы бир маанилүү өңүтүн баса белгилегим келет. Силердин өлкө орус тилинин макамын мамлекеттик тил катары сактап калганыңар биз үчүн да, силер үчүн да өтө маанилүү. Айрыкча, кыргызстандыктар үчүн Орусиядан иш табууга бул жакшы мүмкүнчүлүк болуп, кошумча сынактарга киришпейт. Айрыкча, сиздин бул маселеге карата мамилеңиз биз үчүн өтө маанилүү. Биз кыргызстандыктар орус тилин терең өздөштүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз. Буга байланыштуу атайын пландарыбыз бар”, - деди.

Президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапары бүгүн 24-февралда башталды. Ал Орусиянын баш калаасында азыркы тапта Владимир Путин менен жолугуп жатат.

Андан соң Орусиянын өкмөт башчысы, парламент төрайымы жана төрагасы сыяктуу бир катар кызматкерлер менен жолугат.

Иш сапар 25-февралда аяктайт. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG