Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Садыр Жапаров Москвада Владимир Путин менен жолугууда


Кремль, Москва. 24-февраль, 2021-ж.
Кремль, Москва. 24-февраль, 2021-ж.

Президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапары бүгүн 24-февралда башталды. Ал Орусиянын баш калаасында азыркы тапта Владимир Путин менен жолугуп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек кабарлады.

«Биз Москвага жетип, коронавируска карата ПЧР анализ тапшырдык. Баарынын анализи таза чыкты. Азыр Президент Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугууда».

Жапаров ошондой эле Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугат.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңип чыккан. Ал өзүнүн алгачкы чет элге болгон иш сапарын Орусиядан баштап жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG