Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Арменияда Пашиняндын отставкасын талап кылган оппозициянын митинги өттү


Армян премьер-министри Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган оппозициянын тарапкерлери чогулду.

3-мартта 10 миңден ашык адам парламенттин алдында акция өткөрдү. Ага чейин Никол Пашинян парламент жыйынына катышуу үчүн келген. Парламенттин имаратында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, чатырларына снайперлер коюлду. Оппозициянын митинги Арменияда саясий кризис күчөгөн маалда өтүп жатат.

2-мартта Армениянын президенти Армен Саркисян өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Оник Гаспарянды кызматтан алуу боюнча премьер-министрдин сунушун кайрадан четке каккан.

Былтыр күзүндөгү алты апталык согуш Армения, Азербайжан жана Орусия түзгөн үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин токтогон. Оппозиция ал үчүн Пашинянды "чыккынчы" деп күнөөлөп келет.

Өткөн аптада болсо Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы премьер-министр Пашиняндын өкмөтүнүн отставкасын талап кылган. Муну аскердик төңкөрүш аракети деп баалаган Никол Пашинян аскерий жетекчини кызматтан алууну президентке сунуштаган. Президент болсо бул сунушту аткаруудан эки жолу баш тартты.

XS
SM
MD
LG