Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнө каршы пикет болду


Аламүдүн району
Аламүдүн району

Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнүн бир нече жашоочусу Бишкектин Ала-Тоо аянтынаа акцияга чыгышты. Алар айыл өкмөт жетекчилерин "менчик айдоо талааларын жең ичинен сатып жатат" деп айыпташууда.

Акциянын катышуучулары президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге жолугууну, айыл өкмөттүн чечимдерине чара көрүүнү талап кылышты.

"Бүгүнкү пикетке айлам кеткенде келдим. Биздин жерди Кайыргүл Бекова деген айыл өкмөт башчысы мыйзамсыз сатып жиберди. Акимге да, милицияга да кайрылып жатабыз. Абдан көп документ чогулттук. Эми болгон айлабыз эле президентте калды", - деди нааразылык билдиргендердин бири.

Ленин айыл өкмөтү жана Аламүдүн районунун акимчилиги акцияда айтылган талаптар тууралуу комментарий бере элек.

Нааразы тарапты милиция кызматкерлери президенттин коомдук кабылдамасына коштоп барып, арыз жаздыргандан кийин таркап кетишти.

Ленин айыл өкмөтү Бишкек менен чектешет.

Бир нече киши 1-2-мартта айыл өкмөткө караштуу Мыкан кыштагына чогулуп, турак жайга жер берүүнү талап кылган, айдоо жерлерин басып алуу аракети болгону да айтылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG