Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Депутат Райымкулов «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун кароону сунуш кылды


Депутат Бактыбек Райымкулов коррупцияга айыпталып кармалган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон митингде. 28-февраль, 2021-жыл. Ош.
Депутат Бактыбек Райымкулов коррупцияга айыпталып кармалган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон митингде. 28-февраль, 2021-жыл. Ош.

Жогорку Кеңештин 4-марттагы сессиясында «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкулов «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун кийинки аптада үчүнчү окууда кароону сунуштады.

Ал спикер Талант Мамытовго кайрылып, парламенттин аппаратына протоколдук тапшырма берүүгө чакырды:

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоор эки окуудан өтүп келип токтоп калган. Үчүнчү окууда турат. Ушуга протоколдук тапшырма берип койсоңуз. Комитет эмне үчүн алып чыкпай атат? Биз социалдык комитеттен мыйзамды кийинки жумада алып чыгууну суранат элек. Анткени, бир эмес, эки окуудан өткөн. Болбосо бүгүнкү күнү Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдар арасында батыштын кызыкчылыгы менен ар кандай митингдерди уюштуруп жатышат. Ошолор ар бир кылган иши үчүн жооп бериши керек. Биз ал жерде НПОлор бир жылдагы иши боюнча маалымат берсин дегенбиз".

Спикер Талант Мамытов парламенттин аппаратына депутаттын сунушун карап чыгып, тиешелүү аракеттерди көрүүнү тапшырды:

«Ишти регламент боюнча алып барабыз. Регламенттин талаптарына ылайык бул маселени карап чыгабыз», - деди Мамытов.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш былтыр 18-июнда экинчи окууда кабыл алган. Ага 89 депутат "макул", тогузу "каршы" добуш берген. Документ комитеттерден үчүнчү окуудан өтсө, кайра жалпы жыйынга чыгарылат.

Мыйзам долбооруна ылайык, коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Долбоорго алгач депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова демилгечи болушкан. Документ талкууланып катуу сынга алынган учурда Маматалиев авторлуктан баш тартарын жарыялаган, мурдагы вице-премьер Исмаилова мамлекеттик кызматка кеткен.

Эл аралык коомчулук жана укук коргоо уюмдары, бейөкмөт уюмдар аталган мыйзам "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү таратышкан. Интернетте ага каршы петицияга кол да топтолгон. (NT)

XS
SM
MD
LG