Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

АКШ Кыргызстан баштаган 13 мамлекетке кайрадан виза бере баштайт


АКШнын Мамлекеттик департаменти 13 өлкөнүн жарандарына, алардын арасында Кыргызстан дагы бар, иммиграциялык виза берүү боюнча чектөөлөрүн алып салды.

Андай чараны Ак Үйдүн буга чейинки администрациясы киргизген. Эми ошол тыюудан улам виза ала албай калгандардын көбү чечимди кайра карап чыгууну сураса болот же документтерин кайрадан тапшыра алат, - деп билдирди дүйшөмбү күнү Американын тышкы саясат боюнча мекемеси.

Жо Байден Доналд Трамп кабыл алган чечимди президенттикке киришери менен, быйыл 20-январда жокко чыгарган.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайстын айтымында, 2020-жылдын 20-январына чейин виза ала албай калгандар жаңы арыз менен кайрылууга тийиш. Ал эми ошол күнү жана андан кийин арызы четке кагылгандар эч кандай төлөмдөрсүз иштерин кайра карап чыгууну сурай алышат.

Тышкы мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылдын декабрынан сөз болгон жарлыктын алкагында АКШга кирүү укугунан 40 миңдей киши ажырап калган.

“Кара тизмеге” киргендердин көбү мусулман мамлекеттери болчу.

XS
SM
MD
LG