12-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 13…18;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 12…17;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -3…-8 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 15…17 градус.