Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Шайлоо: Ошто милиция журналисттерге тоскоолдук кылбайбыз деп убада берүүдө


Ош шаарындагы шайлоо тилкелерине илинген эскертүү. 10-январь, 2021-жыл.
Ош шаарындагы шайлоо тилкелерине илинген эскертүү. 10-январь, 2021-жыл.

Ош шааардык ички иштер башкармалыгы 17-мартта басма сөз жыйынын өткөрүп, мурдагы шайлоолордо боло келгендей журналисттердин ишине "тоскоолдук болбойт" деп билдирди.

Шаардык милициянын жетекчисинин орун басары Таалайбек Нурбаев шайлоо күнү иштей турган кызматкерлер атайын окуудан өткөнүн, журналисттерге, шайлоочуларга кандай мамиле кылуу керектигинен кабардар болушканын айтты:

«Президенттик жана парламенттик шайлоодогудай журналисттерди шайлоо участкасына киргизбей койгон фактылар болбойт. Милиция кызматкерлери шайлоо участкасына анын төрагасынын чакыруусу менен гана кире алат. Ал жакка ким кирет, журналист киреби, шайлоочу киреби, биз алардын жолун тоспойбуз. Андай нерсеге жол бербейбиз. Биздин милдет коомдук - коопсуздукту камсыздоо».

2021-жылдын 10-январындагы президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдум учурунда Ош шаардык милициясы ар бир шайлоо участкасына сүрөт-видеого тартууга тыюу салынары тууралуу кагаз илген. Журналисттерди шайлоо участкасынын жетекчисинин уруксаты менен гана киргизишкен.

Кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо тилкелеринде журналисттерге видео жана сүрөт тартууга тыюу салынбай турганын айткан.

Шаардык милиция шилтеме кылган Конституциялык мыйзамдын 11-беренесинде журналисттер видео, фото тартууга милициядан, шайлоо участкасынын төрагасынан уруксат алаары жөнүндө айтылган эмес.

10-январдагы саясий өнөктүктөн кийин милициянын алты кызматкерине талапкерлер менен журналисттерден арыз-даттануулар түшкөн. (DU)

XS
SM
MD
LG