Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Тихановская АКШны Лукашенко бийлигине карата санкцияны күчөтүүгө чакырды


Светлана Тихановская
Светлана Тихановская

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская АКШны Александр Лукашенкого карата санкцияларды кеңейтүү менен басымды күчөтүүгө чакырды.

Бул тууралуу Тихановская 17-мартта Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетининин жыйынына видео байланыш аркылуу катышкан учурда билдирди.

Анын айтымында, жаңы санкциялар “Лукашенконун капчыгына айланып, режимди колдоп жаткан Беларустагы соттор, мамлекеттик ишканалар, коопсуздук кызматкерлери, олигархтар, билим берүү жана спорт ишмерлерине багытталышы керек. Оппозиционер режимди каржылап жаткан мунай-газ компанияларына басымды күчөтүүгө үндөдү.

Тихановская Лукашенконун азыркы тапта “бийликти кармап турууга ресурстары жетиштүү экенин” кошумчалады.

Буга байланыштуу оппозициячыл саясатчы “АКШ зордук-зомбулукту токтотуу, саясий туткундарды бошотуу, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, беларустун мыйзамдуу өкүлдөрү жана бийликтин ортосундагы диалогду баштоону талап кылышы керек”, - деди.

Беларуста былтыр августта президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Ал шайлоодо бийлик Александр Лукашенко утканын жарыялаганы менен оппозиция жана бир катар мамлекеттер анын бурмаланган жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат. Анын жүрүшүндө Беларусиянын коопсуздук күчтөрү орой түрдө күч колдонуп, акцияга чыккандарды четинен кармап келет.

Акыркы маалымат боюнча Беларуста 27 миңден ашык киши кармалган. 400дөн ашык соттолду. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Оппозициячыл бир нече саясатчы камакка алынып, бир тобу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко оппозициянын талаптарына кулак салбай, талаптарды аткаруудан баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG