Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

“Кумтөр”- акталбаган үмүттөр” деп аталган китеп жарык көрдү


Кубанычбек Исабеков.
Кубанычбек Исабеков.

Китеп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-спикер Кубанычбек Исабековдун калемине таандык.

Анын ачылыш аземи 30-мартта Бишкекте депутаттар, коомдук ишмерлер жана бир катар саясатчылардын катышуусунда өттү.

Исабеков китепте «Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгү, анын жергиликтүү тургундарга тийгизген таасири, кен иштетүүдөгү оош-кыйыштар тууралуу 16 жылдык иликтөөсү камтылганын билдирди.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт.

Быйыл 17-февралда парламенттеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын сунушу менен кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Фракция өз сунушун жаратылышты коргоо жана өндүрүштөгү коопсуздукка байланыштуу иштерди, буга чейин кабыл алынган токтомдордун аткарылышын текшерүү зарылчылыгы менен негиздеген. (NT)


XS
SM
MD
LG