Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Парламент акыйткатчынын орун басарлыгына Султанбековдун талапкерлигин жактырган жок


Анвар Султанбеков.
Анвар Султанбеков.

Акыйткатчы институтунун орун басары кызматына Анвар Султанбековдун талапкерлигин омбудсмен Токон Мамытов 31-мартта парламентке сунуштады.

Маалыматка ылайык, Султанбеков 2020-жылдан тартып Акыйкатчы институтунда адам укугун коргоо бөлүмүндө эксперт болуп иштеп келген. Буга чейин ал банк тармагында, Тышкы иштер министрлигинде иштеген.

Султанбеков парлементте депуттардын суроолоруна жооп берип жатып фамилиясын өзгөрткөнүн айтты.

“Фамилиям мурда Төлөгөнов болчу. Атамдын атын өчпөсүн деп Султанбеков кылып өзгөрткөм”.

Парламент депутаты Жанар Акаев Султанбековдун мурунку иштерин эске салды.

“Азия универсал банкында иштеп турганда айрым саясатчылардын туугандарына кредит бергенсиз. Ал азыр да коомчулукта чуу жараткан маселелердин бири. Ал жерде сиздин колуңуз коюлган. Ал кишилер менен сиз жакын доссуз. Ошондуктан биз ойлонуп туруп добуш беришибиз керек”.

Жыйынтыгында сессияда катталган 106 депутаттын 70и добуш берди. Султанбековдун талапкерлигине 45и макул, 25и каршы болушту. Эрежеге ылайык катталган депутаттардын жарымынан көбү макул болгондо гана көрсөтүлгөн талапкер жактырылат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрөгасы Талант Мамытовдун атасы Турдумамат Мамытов 12 жыл мурун банктан ири өлчөмдө насыя алганы, аны төлөбөй койгону тууралуу маалымат чыккан.

Бул иште Анвар Султанбековдун аты аталган. Сөз болуп жаткан насыя тууралуу АКШда жашап жаткан кыргызстандык адвокат, эл аралык юрист Динара Муканбаева «Фейсбуктагы» барагына жарыялаган. Ага ылайык, 2009-жылы ноябрда уулунун кепилдиги менен Турдумамат Мамытов «АзияУниверсалБанктан» ири өлчөмдө насыя алган.
Талантбек Мамытов буга комментарий берген эмес. Атасы 250 миң доллар насыя алганын ырастаган. (MiK)

XS
SM
MD
LG