Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Бразилияда коронавирустан каза болгондор көбөйдү


Бразилияда 30-мартта COVID-19 илдетинен каза болгон 3780 учур катталып, соңку мезгилде өлкөнү инфекциянын экинчи толкуну каптаганы жарыяланды. Учурда дүйнөдө күн сайын коронавирустан өлгөндөрдүн ар бир төртүнчүсү аталган латын америкалык өлкөгө туура келүүдө.

Азыркы мезгилде Бразилия COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Биринчи орунда мурдагыдай эле АКШ турат. Илдеттин жугуу кооптуулугу жогору болуп, көбүрөк өлүмгө алып келген жана тез арада жайылган түрү Бразилияда аныкталган. Илдеттин тез арада жайылуусу Бразилиянын саламаттыкты сактоо тутумун капсалаңга салды.

Мамлекет башчысы Жаир Болсонару пандемияны ооздуктоо чараларын көрө албай, анын жайылышына жол берди деп сындалып жатат. Анын кесепети өлкөдө саясий кризисти да тереңдете баштаганы белгиленди. Бул күнгө карата Бразилияда калктын болгону 2% гана эмдөөдөн өттү.

XS
SM
MD
LG