Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт


5-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 0...8, күндүз 9...14,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 11...16,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз 3...8,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-8, күндүз -1...-6 градус.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8°, күндүзгү жогорку температурасы 10…12° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG