Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Кабулдагы жардыруу бир адамдын өмүрүн алды


Кабул шаары.
Кабул шаары.

Кабулда 4-апрелдин таңында болгон жардыруудан коопсуздук күчтөрүнүн бир өкүлү набыт болуп, үчөө жараат алышты. Жардыргыч зат машинеге коюлганы маалым болду. Окуя үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна ала элек.

Tolonews агенттиги кабарлагандай, март айында болгон бир катар жардыруулардан жана кол салуулардан 300дөн көп адам каза болуп, 350дөн ашууну жараат алды. Өткөн айда февралга салыштырмалуу жардыруулардын жана чабуулдардын саны 20 пайызга көбөйгөн.

Былтыр Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөк көрсөтүү боюнча миссиясы жалпысынан үч миңден көп жайкын тургун мүрт кетип, беш миңден ашууну жарадар болгонун каттаган.

Акыркы мезгилде АКШнын бийлиги Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү көздөөдө. Былтыр мурдагы президент Дональд Трамптын администрациясы "Талибан" кыймылы менен келишимге кол койгон. Ага ылайык АКШнын аскерлери быйыл май айына чейин Ооганстандан чыгып кетиши керек эле.

Жакында Жо Байдендин администрациясы Ооганстан өкмөтү менен талибдердин ортосунда Түркияда апрелде сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаган. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу БУУнун колдоосу менен өтө турган бул жолугушуу Стамбул шаарында болот деп билдирген.

XS
SM
MD
LG