Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Бишкекте жана Жалал-Абадда веложүрүш өттү


Бишкек шаарында өткөн веложүрүш. 4-апрель. 2021-жыл.
Бишкек шаарында өткөн веложүрүш. 4-апрель. 2021-жыл.

4-апрелде Бишкекте велоспорт сүйүүчүлөрдүн жүрүшү өтүп, быйылкы велосезон расмий ачылды. Бишкек шаарынын мэриясы кабарлагандай, велоспорт ышкыбоздорунун катарында мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да болду.

Алар «Адинай» паркынан чыгып, Айтматов көчөсү менен жүрүп отуруп, Масалиев көчөсүнө чейин барышты. Ал жерден чыгышты көздөй бурулуп, Токомбаев — Жетикашкаева көчөсүнө чейин жетип, кайра Токтоналиев көчөсүндөгү «Ден соолук» паркына келишти. Маршруттун жалпы узундугу 10 чакырымдан бир аз ашты.

Ушундай эле веложүрүш Жалал-Абад шаарында да өттү. Ага 100дөн ашуун велосипедчен катышты. Жүрүш Барпы театрынын алдынан башталып, калаадагы 10 көчөдөн өтүштү. Ден соолукту чыңдоо багытында өткөрүлгөн иш-чаранын катышуучуларын Тез жардам жана Жол кайгуул кызматтары коштоп жүрдү.

Веложүрүштү мэриянын колдоосу менен Славян диаспорасы жана "Jalal-Abad cycling club" уюштурушту. (GT/TB)

XS
SM
MD
LG