Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Кыдыралиев: ТИМ Тажикстандын экс- министринин сөзүнө реакция кылышы керек


Умбеталы Кыдыралиев.
Умбеталы Кыдыралиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигин Тажикстандын мурдагы тышкы министри Хамрохон Зарифинин кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу билдирүүсүнө реакция кылууга чакырды.

Бул тууралуу ал 5-апрелде парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында сүйлөп жатып айтты.

«Тажикстан Республикасынын истеблишментинин бир мүчөсү эл аралык практикада, эл аралык укукта колдонулган анклав дегенди кабыл алгысы келбей жатат. Биздин аймакта Тажикстандын Ворух деген эң чоң анклавы бар, туурабы? Мени тынчсыздандырганы ал экс-министр экен», - деди Умбеталы Кыдыралиев.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 26-мартта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөргөн. Анда ал кыргыз тарап 12 миң гектардай аймакты түзгөн Тажикстандын Ворух анклавын Кыргызстандын Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашууга даяр экенин билдирген.

Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи буга жооп катары «Ворух жери - Тажикстандын аймагы» деп, Ворух тарыхый документтер жана саясий, географиялык карталар боюнча анклав болбогонун кабарлаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Кыргызстанда Тажикстандын Ворух жана Кайрагач анклавдары бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG