Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Активист мамлекеттик медиаларга каршы БШКга кайрылды


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Жарандык активист, референдумга каршы үгүт тобунун жетекчиси Рита Карасартова мамлекеттен каржыланган КТРК, ЭлТР жана «Биринчи радиого» каршы Борбордук шайлоо комиссиясына даттанды. Ал арызында аталган үч медиа Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сындагандарга жана көз карандысыз юристтерге эфирден убакыт бербей жатканын жана бул мыйзамга каршы келерин белгилеген.

Активист КТРКнын «Биринчи радиосунун» эфиринде алып баруучу Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан юристтер Сания Токтогазиева менен Таттыбүбү Эргешбаеваны «батышчыл» бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү деп атаганы кесиптик этикага туура келбейт деп эсептейт:

«Коомдук каналдагы "Ой-Ордо", Биринчи радиодогу "Күнмаек" жана башка программаларда бир тараптуу талкуулар өткөрүлүп жатканы туура эмес. Баш мыйзамды өзгөртүү, референдум маселесин ар кандай көз караштагы адистерди чакырып талдашы керек болчу. Жалпы үч арыз жазгам. КТРК илгертен эле кайсы бийлик алмашпасын баягы эле камчыны чаап атат».

Рита Карасартова жазган үч арыз БШКнын үгүт иштери боюнча жумушчу тобунун 6-апрелдеги жыйынында талкууланды.

Жумушчу топ аталган медиаларга бардык тарапка бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү сунуштады.

Кыргызстанда 11-апрелде президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. Ушул эле күнү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо да өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG