Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:40

Кумар оюндарына уруксат берүү жөнүндө дагы бир долбоор сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда кумар оюндарын иштеткен административдик адистештирилген район түзүүнү сунуштап жатат. Алар мындай оюн-зоок комплексинин кызмат көрсөтүүлөрү жабык аймактарда уюштурулуп, чет элдик гана жарандар үчүн иштей турганын жазышкан.

Документтин демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Калдарбек Баймуратов, Сайдолимжон Жураев, Бейшеналы Нурдинов жана Шайлообек Атазов.

Документ «Адистештирилген зоналардагы кумар оюн ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбоор деп аталат. Ал парламенттин сайтына 7-апрелде коомдук талкууга коюлду.

Авторлор кумар оюндарына тыюу салуу менен Кыргызстан жылына 600 миллион сомдон ашуун кирешеден кол жууп, 11 миңден ашуун жумушчу ордун жоготуп жатканын белгилешти.

Буга чейин да эки депутат Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Ал 8-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи окууда талкууланат.

Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы, ал эми тотализатор менен букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG