Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Депутаттар ЖКга Улан Ниязбековдун өзү келишин талап кылышууда


Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын сөөгүн жерге берүү зыйнаты. Балыкчы шаары. 8-апрель, 2021-жыл.
Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын сөөгүн жерге берүү зыйнаты. Балыкчы шаары. 8-апрель, 2021-жыл.

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча маалымат берүү үчүн бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңешке министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев келген. Буга айрым депутаттар каршы болуп, министр Улан Ниязбековдун өзү келишин талап кылышты. Депутат Айсулуу Мамашева парламент микрофону аркылуу министрге кайрылып, өзү келишин айтты.

Министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев Улан Ниязбеков өкмөттүн кеңешмесине катышып, бошой албаганын билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламент отурумуна министр өзү келип катышсын деген талапты колдоду.

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү милициянын шалаакылыгынан улам болгон деген сындап, айрым депутаттар ички иштер министри Улан Ниязбековдун парламентке келүүсүн талап кылышкан.

Айзаданын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алганын президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Айзада Канатбекова 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 8-апрелде Балыкчыга коюлганы жатат.

Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылууда. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Милиция Теңизбаевдин үй-бүлөсү, эки баласы бар экени жана ал Орусияда карактоо үчүн 6,5 жыл абакта отуруп чыкканы тууралуу маалымат текшерилип жатканын жарыялады. Анын жакындарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG