Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзаданын сөөгү Балыкчыга коюлду


Айзада Канатбекованын тажиясы. Балыкчы. 8-апрель, 2021-жыл.
Айзада Канатбекованын тажиясы. Балыкчы. 8-апрель, 2021-жыл.

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын сөөгү бүгүн, 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди.

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Ал 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү. (NT/AiB)

XS
SM
MD
LG