Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Матмусаев: Милиция шалаакылык кылган жок


Айзаданын өлүмүнө байланыштуу Бишкекте өткөн нааразылык митинги. 8-апрель, 2021-жыл.
Айзаданын өлүмүнө байланыштуу Бишкекте өткөн нааразылык митинги. 8-апрель, 2021-жыл.

Жоголгону айтылган эки адамды табуу үчүн 200дөн ашуун кызматкер күндөп-түндөп иштегенин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев депутат Айнура Аскарованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Апасынын арызында Айзаданын артынан түшкөн адам "психикалык жактан соо эместиги" тууралуу жазылган. Ошондуктан, биз 200дөн ашуун кызматкерди издөө иштерине салганбыз. Колдон келишинче иштедик, 16-18 сааттап иштеп жатабыз", - деди Матмусаев.

27 жаштагы Айзада Канатбекованын окуясынан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылууда. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Канатбекова 5-апрелден бери дайынсыз жоголуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын талаада токтоп турган автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайганын билдирди.

Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качканы видеокөзөмөлгө жазылып калып, Интернетке тараган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасаган эмес.

Кыргызстанда мындай кандуу окуя буга чейин да катталган. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.

Бишкек шаардык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүүгө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусияда мурда үч жолу соттолгону тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Теңизбаев 2017-жылдын 29-июнунда абактан чыгып, Кыргызстанга депортацияланган. 2020-жылдын 30-июлунан тартып ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG