Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Айзаданын окуясы: машине талаада бир топ убакыт токтоп турган


Айзаданын сөөгү Аламүдүн районунун Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаадагы унаадан табылган. 7-апрель, 2021-жыл.

Айзада Канатбекова менен аны өлтүрүүгө шектелип жаткан Замирбек Теңизбаевдин сөөгүн биринчи көргөн чабан "Азаттыкка" окуя тууралуу көргөн-билгенин айтып берди. Ага ылайык, кызыл түстүү жеңил унаа эч ким барбаган ээн талаада бир канча убакыт токтоп турган:

"Ал жер эки айылдын ортосу. Мал жайып мага окшогондор эле барбаса, оңой менен киши баспайт. Бир күн мурда жаан жааган. Бир топ убакыт ал жердеги кызыл түстүүү машине жылбай тургандыктан, барып карадым. Алгач мага ичиндегилер уктап жаткандай сезилген. Терезесин такылдатсам жооп болбогондуктан, милиция болуп иштеген кошунама чалдым. Ал башка милиционерлер менен келип карашса, ичиндегилердин жаны үзүлгөн экен".

Бул чабан аты-жөнүн белгилүү себептерден улам ачык атаган жок.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз үч адам күчтөп унаага салып кеткени тууралуу маалымат милицияга 5-апрелде саат 7:30 чамасында берилген. Бул учур жол боюндагы кафенин видеокамерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт адам кармалды.

Бул окуя коомчулукта милицияга карата сын-дооматты күчөттү. Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү. (ZKo/AiA)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG