Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт


Күндүн кескин жылып кетүүсүнөн улам тоолуу аймактардагы жолдорго кар көчкү түшөт. Тоолуу жолдордогу унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиш.

12-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Баткен облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/c.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 13…18 градус жылыйт.

12-апрелде Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы: түнкүсүн 6…8°, күндүз 22…24° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG